Кара-Суу райондук сотунун төрагасы Эрлан Асановдун демилгеси менен Кара-Суу райондук сотунун судьялары Эсенбек Султанов, Гульзат Усакпаева, Аида Темирбекова менен Кара-Суу районунун акиминин орун басары жана Кара-Суу районунун жергиликтүү мекеме жана ишканалардын башчылары менен жолугушуу болуп өттү.
Жыйынга Кара-Суу шаарынын мэри Арстанбек Жолдошов, Кара-Суу районунун акиминин орун басары Айжан Куланова, Кара-Суу райондук салык кызматынын жетекчиси К.Ормонов, Кара-Суу райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн директору Рапия Тургунбаева Кыргыз почтасынын Кара-Суу филиалынын башчысы Т.Баетов, «Кадстр» Мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын юристи Э.Эргешовдор катышты.
Жыйында укуктук ченемдерди туура колдонуу, судьялар тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу, жекече аныктамалардын аткарылышы, сот процесстерин өз мөөнөтүндө кароо үчүн биргеликте иш алып баруу тууралуу маселелер көтөрүлүп, суроо-жооптор болду.
Мындан сырткары Кара-Суу райондук сотунун имаратында Кара-Суу райондук прокуратура кызматкерлери жана Кара-Суу райондук ИИБнын ТКнын кызматкерлеринин катышуусунда жыйын болуп өттү .
Жыйындын жүрүшүндө сот менен укук коргоо органдары өз ара аракеттенүү маселелери талкууланып, тергөөнүн жана соттук көзөмөл жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу механизмдери каралды.
Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы