KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары сот тутумунун ардагерлерин майрамы менен куттукташты

01 октября 2021

Бүгүн, 2021-жыдын 1-октябрында Ысык-Көл облустук сотунда  Карылардын эл аралык  күнүнө карата салтанаттуу  иш чара болуп өттү. Жыйынга облустук соттун судьялары менен аппарат кызматкерлери жана сот тутумунун ардагерлери катышышты.


Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Гулкайыр Алиева Мыскал Кенжебаеваны, Болот Асанбаевди, Оторбай Джаркимбаевди жана Сабыр Соодонбековду Ысык-Көл олусунун жергиликтүү сотторунун судьяларынын атынан куттуктап, аларга бекем ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалап, акчалай сыйлыктарды тапшырды.


Сот тутумунун ардагерлери Ысык-Көл облусунун судьялар корпусуна ыраазычылык билдиришип, кезектешип эмгек жолдору жөнүндө маалымат беришти. Ошондой эле аппарат кызматкерлерине насааттарын  беришип, иштерине ийгиликтерди каалашты.


Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары жыл сайын сот тутумунун ардагерлерин майрамдары менен куттукташып, алардын ден соолугунан кабар алып келишет.


Видео-блок

М. Сатыев Чүй облусунун соттору менен жолугушту
Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
"Элдин ишенимин актагыла! "Ош облусу боюнча иштери жакшы жана начар судьялар аталды.
М. Сатыев Баткен облусунун жергиликтүү сотторунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү менен таанышты
НОМАД ТВ: Судебная система Кыргызстана: от протоколов до цифровизации

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...