KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Судьялар болочок юристтерге онлайн лекцияларды окушту

21 декабря 2020

Студенттердин укуктук билимин жогорулатуу максатында Ысык-Көл областтык сотунун төрагасынын орун басары  Алмазбек Апышев “Жазык процесстик-укуктун субъектилери” аттуу темада болочок юристтерге видеобайланыш аркылуу лекция окуду. Иш чарага  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик юридикалык академиясынын Ысык-Көл юридикалык колледжинин 3-курсунун студенттери катышышты.


Лекциянын жүрүшүндө Алмазбек Апышев студенттерге жазык процесстик-укуктун субъектилери жөнүндө түшүнүк берип, алар кандай  негизде классификацияланары  жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары, жазык процесстик-укуктун субъектилери – бул мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары, сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруунун, жазык ишти кароо боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө  жана алар боюнча чыгарылган чечимдерди аткаруу учурунда белгилүү бир функцияны аткарып, процесстик укуктук мамилелерге кирген жарандар болору тууралуу маалымдады. Жазык-процесстик мамилелердин тараптарынын бири сөзсүз түрдө жазык иши боюнча өндүрүштү жүргүзүп жаткан мамлекеттик орган болорун белгиледи.  Лекциянын соңунда студенттердин бир катар суроолоруна жооп берип, алардын окууларына ийгилик каалады.


Ошондой эле Балыкчы шаардык сотунун судьясы Чинара Мамбетова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик юридикалык академиясынын 3-курсунун студенттерине «Соттордогу адилеттүүлүк» аттуу темада онлайн лекция өттү. Лектор өз сөзүндө сот адилеттиги сот тарабынан гана жүзөгө ашырыларын жана мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин жүзөгө ашырууга катышууга укуктуу экендигин белгиледи.


Студенттерге сот бийлигин жүзөгө ашыруунун принциптери, сот адилеттигин жүзөгө ашырууну жөнгө салган укуктук нормалар жана Кыргыз Республикасынын сот тутумунун структурасы жөнүндө судьянын өзүнөн угуп, билүү кызыктуу болду.


 


                                                                                                                            Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


                                                                                                                               Гульзада Аширбаева