KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук соту пробация органдары менен кызматташтыкты бекемдеп жатышат

30 сентября 2020

2020-жылдын 28-сентябрында Талас облустук сотунда өз ара кызматташуу жана сот тутуму менен пробация органынын ишин жакшыртуу максатында Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, төраганын жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштери боюнча орун басары Омурлан Тункатаров жана Талас областынын жергиликтүү биринчи инстанциядагы соттордун төрагалары менен Кыргыз Республикасынын  Адилет министрлигине караштуу Талас областынын пробация департаментинин өкүлдөрү менен маалыматтык жолугушуу өткөрүлдү.


Жолугушуулардын жүрүшүндө  катышуучулар  пробация органынын иши менен таанышып, тараптар  пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотууну жокко чыгаруу маселесин талкуулашты.


Сүйлөшүүлөрдүн соңунда  пробация органдарынын өкүлдөрү мазмундуу жолугушуу болгонунун айтышып, мындай  маалыматтык жолугушууларды өткөрүп турууну макулдашышты.


 


                               Талас облустук сотунун басма сөз катчысы Айгерим Чекеева


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...