KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облусунун судьялары соттордун техникалык жактан жабдылышын талкуулашты

30 сентября 2020

2020-жылдын 28-сентябрында,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын жетекчиси Шермамат уулу Бексултандын катышуусу менен чогулуш өткөрүлүп, анда Талас областынын жергиликтүү соттордун сот отурумунун залдарын аудио жана видео жазуу жабдыктарынын орнотулушу, автоматташтырылган маалымат системасы, ишти автоматтык бөлүштүрүү системаларынын иштеши боюнча маалымат алынды.


Мындан тышкары, судьяларды кызматтык турак-жай менен камсыздандыруу же ижарага алынган судьялардын турак-жайга кеткен чыгымдарын төлөө жөнүндө, соттордун имараттарын оңдоп-түзөө иштери, жылытуучу системаларынын күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жана коронавирус илдетине каршы соттордун кызматкерлерин жеке коргоо каражаттары менен камсыздоо, санитардык-эпидемиологиялык иштерди жүргүзүү маселелери көтөрүлдү.


Талас облустук сотунун басма сөз катчысы Айгерим Чекеева