KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Чүй облусунун соттору сот отурумдарын видео байланыш режиминде алып барышууда

09 сентября 2020

Чүй облусунун сотторунда видео байланыш режиминде бир катар сот отурумдары өткөрүлүүдө.


Чүй облустук сотунда видео байланыш  режиминде  Бишкек шаарындагы СИЗО-1 мекемеси менен сот отуруму өттү.


Ысык-Ата райондук сотунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын  № 3 мекемесинин сунушу менен айыпталуучуларды шартту түрдө бошотуу туурасында соттук отурум болду.


Москва райондук сотунда  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын  (№47 жана №31) түзөтүү мекемелериндеги айыпталуучуларга карата жазык иштери каралды. Сот отурумдары  Чүй облусунун Сокулук районунда өткөрүлүүдө.


Белгилей кетүүчү жагдай,  мындай соттук отурумдар белгиленген процесстик мөөнөттөрдү жана абакта отурган жарандардын укугун сактоо максатында өткөрүлүп жатат.


Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан коронавирус инфекциясына байланыштуу,  айыпталуучулардын саламаттыгын сактоо максатында аларды соттук отурумдарга алып келүү убактылуу токтотулган.


Видео-блок

Уңгужол боюнча жумушчу топтун алгачкы отуруму болду
Калыс сот – элдин тиреги | Талас | Чүй
Элдин пикири: Соттор акыйкаттуу чечимдерди чыгарып жатышат
Нурлан Мусаев IV Эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты
Г. Абсатарова: "Судья болуу чоң жоопкерчиликти талап кылат"

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...