Мындай чечим Гульбара Калиеванын төрагалыгы астында видеоконференц байланыш аркылуу өткөн кеңешмеде кабыл алынды. Мындан сырткары Чүй облустук соту менен Чүй райондор аралык соту дагы ишин убактылуу токтотот.
Бул соттордун ишмердүүлүгү бир жумага 2020-жылдын 30-мартынан 3-апрелге чейин токтотулат.
Ошону менен катар эле, соттордо судьялар менен аппарат кызматкерлеринин кезектешүү менен иш алып баруусу уюштурулат.