Кыргыз Республикасынын сот системасындагы маалымат ресурстары
KG

Кадамжай райондук сотунун судьясы Илязбек Тажибаев Кадамжай районунун аксакалдар сотторунун төрагалары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолукту

06 сентября 2019

Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясы Илязбек Тажибаев жана бөлүм башчы Жеңишбек Джанеков аксакалдар сотторунун төрагалары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү.


Жолугушуунун жүрүшүндө бүгүнкү күндө сот системасын өркүндөтүү жана ага болгон элдин ишенимин арттыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иш алып баруу, район тургундарына сотко кайрылууда жеңилдиктерди түзүп берүү боюнча кеңири талкуу болду.


Иш чарага Кадамжай райондук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу катчылары, айылдардын аксакалдар сотторунун төрагалары, прокуратура жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынын , ошондой эле, башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү катышышты.