Кыргыз Республикасынын сот системасындагы маалымат ресурстары
KG

Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы мугалимдер менен маалыматтык жолугушуу өткөрдү

06 сентября 2019

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Акылбек Адимов У. Гулматов атындагы №9 орто мектебинин мугалимдери менен жолугушту.


Иш чаранын алкагында, мугалимдерге өлкөдө жүргүзүлүп жаткан соттук реформа  жана санариптештирүү боюнча жасалып жаткан иш чаралар боюнча кеңири маалымат берилди. Мугалимдер  өздөрү үчүн маанилүү болгон   суроолорду беришип, аларга мазмундуу жоопторду алышты.


Кызыл-Кыя шаардык сотунун судьясы Акылбек Адимов У. Гулматов атындагы №9 орто мектебинин мугалимдерине катышып бергендери үчүн  ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.