Бүгүн, 2024-жылдын 4-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Бактыгүл Аманалиева Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (КЖКБ) Борбордук Азия боюнча өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушту.
Жолугушууга ошондой эле БУУ КЖКБнын Борбор Азиядагы өкүлүнүн орун басары Думитру Липкану, БУУнун Кыргыз Республикасындагы Улуттук кеңсесинин башчысы Елена Гусева, ошондой эле укук маселелери боюнча адис Уулкан Айдарова катышышты.
Тараптар качкын макамын берүү боюнча соттук тажрыйбаны талкуулашты.