KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков: "Активдүү сот реформасы баарына жеткиликтүү сот адилеттигин камсыз кылууга багытталган"

19 апреля 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 19-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Жалал-Абад шаарындагы Адилет үйүндө өткөн “Элге багытталган адилеттүүлүк” улуттук форумуна катышты.


Форумдун максаты — сот системасындагы өзгөрүүлөрдү, жетишкендиктерди коомчулукка жеткирүү жана жетишилген талыкпаган эмгектин оң натыйжаларын көрсөтүү.


Иш-чарага Президенттик Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сулайманкулов,  ошондой эле сот, прокуратуранын өкүлдөрү,  Акыйкатчы институтунун, медиация, адвокатура, аксакалдар соту, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар, жогорку окуу жайлары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана активисттер катышышты.


Замирбек Базарбеков өз сөзүндө форумдун өткөрүлө турган жери дагы жөн жайдан тандалбаганын, анткени  эки  чоң Адилет үйүн түзүүдө элдин талабы эске алынганын баса белгиледи.


Адилет үйлөрү жарандар үчүн сапаттуу шарттарды түзүүгө багытталган сот системасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин чыныгы көрсөткүчү болуп саналат жана мындай үйлөрдү Кыргызстан боюнча ачууну пландаштыруудабыз.


Сот адилеттигин адамдардын муктаждыктарына багыттоо үчүн, биз көпчүлүк өлкөлөр сыяктуу эле, сот ишмердигине санариптик технологияларды киргизүүнү көздөп жатабыз. Өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен соттордо сот өндүрүшү жана иш кагаздары электрондук форматка өтүп жатат. Бул сот тутумунун ишинин ачыктыгын камсыз кылууга, сот адилеттигин ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга жардам берет.


Мындан сырткары, жарандардын жана уюмдардын сот актыларына өз убагында жетүүсүн камсыз кылган сот чечимдерин автоматташтырылган жарыялоо системасы түзүлгөн,”- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы.


Өз кезегинде Демократияны өнүктүрүү боюнча улук адис (USAID) — Тара Нил  адамдарга багытталган сот адилеттиги сот процессинин бардык катышуучулары үчүн шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгү экенин жана USAID сот тутумунда болуп жаткан өзгөрүүлөргө көмөктөшүүгө даяр экендигин баса белгиледи.


Ошондой эле USAIDдин  «Укук булагы» долбоорунун директору – Фред Хьюстон бүгүнкү Форумдун ар бир катышуучунун элге багытталган адилеттүүлүк ыкмасы менен жасалып жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө бөлүшө турган окуясы бар деген ишенимин билдирип өттү.


Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу үч сот жана төрт сот органы жайгашкан  Адилет  үйүнүн имаратына экскурсия жасады.


Форум жаңы форматта өтүп, жүздөн ашык көрүүчүлөр форумдун театрын, адвокаттардын ишенимине арналган видеороликти көрүп, медиаторлордун иши менен таанышып, соттун чечими боюнча түшүндүрмөлөрдү, пробация көзөмөлү, электрондук билерикти колдонуунун мисалы жана кепилденген мамлекеттик юридикалык жардам кызматынын юристтеринин ишмердүүлүгү  менен тааныша алышты.


Улуттук форум USAIDдин “Укук булагы” долбоорунун колдоосу жана өнөктөштүгү менен уюштурулгандыгын белгилейбиз.