KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облусундагы биринчи инстанциядагы судьяларга практикалык жардам көрсөтүлдү

14 октября 2020

Талас облустук сотунун 2020-жылдын экинчи жарым жылдыкка түзүлгөн иш планы боюнча,  Талас облустук сотунун төрагасынын орун басарлары  Жекшеналы Курманбаев, Айнура Султаналиева жана судьялары Темирбек Ибраимов, Курал Эстебесов, Азамат Алдашов жана соттун аппарат кызматкерлери тарабынан, 2020-жылдын 12-октябрында Талас областынын биринчи инстанциядагы сотторуна соттук иштерди кароодо мыйзамдардын туура колдонулушу боюнча практикалык жардам көрсөтүү максатында жана жалпы иш алып баруусу боюнча Талас райондук сотуна иш сапары менен барып келишти.


Иш сапарынын алкагында 2020-жылдын биринчи жарым жылдыкта каралган жазык, жарандык иштерине жана соттук материалдарга кароо жүргүзүшүп, аныкталган кемчиликтер боюнча биринчи инстанциядагы судьяларга түшүндүрмөлөрүн беришти.


Ошондой эле, райондук соттун жалпы бөлүмүндө  иш алып баруусу боюнча, анын ичинен иштердин тариздөөсү, күчүнө кирген соттук актыларга аткаруу барактарынын жазылышы, соттук иштердин “act.sot.kg” сайтына киргизилиши  жана аларга эсептик-статистикалык карточкаларынын толтурулушу боюнча каралды жана аудио жана видео жазуу системасын киргизилиши боюнча маалымат алынды.


Видео-блок

Медербек Сатыев Нарын областындагы соттор үчүн курулуп жаткан объектилерди текшерди
Соттордун Ысык-Көлдөгү "Фемида" пансионаты жана андагы келечек пландар
Катуу чаралар көрүлөт. Соттор боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты
Жогорку Сотто Пленум болду
Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот — тез, ыңгайлуу жана кагаз эсеп-дүмүрчөксүз

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...