KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Баткен облусунун район жана шаардык сотторунун судьялары «Мыкты төрага» жана «Мыкты судья» сыйлыктарына ээ болушту

21 декабря 2020

Баткен облустук сотунун төрагасы Гульмира Кожобекованын төрагалыгы менен Баткен облусунун аймагындагы район жана  шаардык соттордун төрага жана судьяларынын, Улуттук медиация борборунун Баткендеги филиалынын директору Кумара Имамованын катышуусунда жыйын өтүп, жылдын «Мыкты төрага» жана «Мыкты судья» сыйлыктары ыйгарылды.


Жолугушууда төрагалык кылуучу облустун аймагындагы судьялардын караган иштеринин сапаттарына, 2020-жылга түзүлгөн иш пландар боюнча аткарыла турган иш чаралардын жыйынтыгы каралып,  сот реформасын ишке ашырууда медиация борборунун кошкон салымын баса белгилеп өттү.


Жыйындын сонунда 2020-жылдын жыйынтыгы менен «Мыкты судья» сыйлыгы менен Баткен облустук сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Мусаев Сайдибаказ Темирович жана Кадамжай райондук сотунун төрагасы Ажиматов Улан Абдыкаарович, ал эми «Мыкты төрага» сыйлыгы менен Лейлек райондук сотунун төрагасы Абдимиталипов Эльярбек Бахадирович сыйланды.


Ошондой эле, сот тутуму менен тыгыз иш алып барууда жетишкен ийгиликтери үчүн Улуттук медиация борборунун Баткендеги филиалынын директору Имамова Кумара Кенжебаевна Баткен облустук сотунун Ардак грамотасы менен сыйланды.