KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунда жыл жыйынтыктоочу кеңешме өткөрүлдү

19 февраля 2020

2020-жылдын 17-февралында Талас облустук сотунун төрагасы   Мирлан Боромбаевдин төрагалыгы астында Талас облусунун жергиликтүү сотторунун судьяларынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жергиликтүү соттордун 2019-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыктоочу кеңешме өткөрүлдү.


Кеңешменин алдында Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев Талас облусунун шаардык жана райондук сотторуна жаңы дайындалышкан судьялар — Эсенбек Султанов, Тариэл Акылбеков, Ойниса Эгембердиева жана Азамат Тилемишевдерди тааныштырып, алардын ишине ийгиликтерди каалоо менен бирге сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдын талаптарын бекем сактоону белгилеп өттү.


Андан соң,  Талас облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Омурлан Тункатаров, Жекшеналы Курманбаев жана Жылдыз Жумагулова ар бир соттун судьяларынын иштерди кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча 2019-жылдын тактамалары менен тааныштырып, мисал катары биринчи инстанциядагы соттун кээ бир иштер боюнча кабыл алган соттук актыларын апелляциялык тартипте кароодо жокко чыгарылышынын же өзгөртүлүшүнүн себептерин белгилешти. Ошондой эле, 2019-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилген жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча иштерди кароодо келип чыккан суроолор боюнча талкуулар жүргүзүлдү.


Статистикалык маалыматка ылайык, Талас облусунун жергиликтүү соттору тарабынан 2019-жылы жалпы  3352 иш жана соттук материалдар каралган (2018ж. – 4435 иш) же 24,5% пайызга азайган, анын ичинен 2019-жылы 281 иш жана соттук материалдар даттанылган (2018ж. – 259 иш) же 8,5% пайызга көбөйгөн.


Мындан тышкары, аткаруу өндүрүшү жөнүндө маалыматтар, ошондой эле Талас облусунун сотторун техникалык жактан камсыздоо, анын ичинде сот залдарына аудио-видео жазуу техникасын орнотуу жана автоматташтырылган маалымат системасынын (АИС) иштеши, иштерди автоматташтырылган түрдө бөлүштүрүү системасы боюнча маалыматтар чагылдырылды. Жергиликтүү соттор тарабынан интернет-байланышынын начардыгы, аталган системасынын иштешине кедергесин тийип жатканын билдиришти.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Айдайкан Кожокулова жергиликтүү соттордун имараттарында бүткөн жана болуп жаткан оңдоп-түзөө, ошондой эле жергиликтүү сотторду материалдык-техникалык жактан камсыздоо иштери тууралуу маалымат берди.


Жыйындын соңунда Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдын талабын жана эмгек тиртибин бекем сактоону, мамлекеттик органдар менен өз ара бирдиктүү иш алып барууну күчөтүүгө чакырып, судьялардын Кыргыз Республикасынын Судьянын Ар-намыс кодексинин талаптарын бекем сактоосуна көңүлдөрүн бурду.


 


                                                                                                                                                                                                                                                       Талас облустук сотунун


                                    басма сөз катчысынын м.а.   Э. Балыбаев