KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук соту 2020-жылдын жыйынтыгын чыгарды

11 февраля 2021

2021-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакированын онлайн катышуусунда Талас облусунун жергиликтүү сотторунун 2020-жылдагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешме өткөрүлдү.


Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун төрайымынын орун басарлары Нургуль Асанова, Айнаш Токбаева, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиевдер катышышты.


Ошондой эле  Талас  облустук сотунун  төрагасы Мирлан Боромбаев, анын орун басарлары, облустук соттун судьялары, шаардык, райондук, административдик соттордун төрагалары жана судьялары катышышты.


Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев жыйынтыктоочу кеңешмени ачып, жолугушуунун катышуучулары менен саламдашты. Регламентке ылайык, биринчи болуп биринчи инстанциядагы соттордун төрагалары отчет беришти.


Андан соң,  Талас облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Омурлан Тункатаров, Жекшеналы Курманбаев жана Айнура Султаналиева ар бир соттун судьяларынын сот адилеттүлүгүн жүзөгө ашырууда иштердин кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча 2020-жылдын тактамалары менен тааныштырып өтүшүп жана мисал катары биринчи инстанциядагы соттун кээ бир иштери боюнча соттук актылардын апелляциялык тартипте каралууда жокко чыгарылышынын же өзгөртүлүшүнүн себептерин белгилешти.


Талас облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы боюнча төраганын орун басары Омурлан Тункатаров   райондук жана шаардык соттор тарабынан 285 жазык иш, 241 жоруктар жөнүндө иштер,   ал эми апелляциялык инстацияда 23 жазык иш, 15 жоруктар жөнүндө иштер жана 24 соттук материалдар каралганын билдирди.


Талас облустук сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы боюнча төраганын орун басары Айнура Султаналиеванын маалыматы боюнча 2020-жыл ичинде биринчи инстанция соттору тарабынан 1591 жарандык иш,  ал эми  апелляциялык тартипте  105  иш каралган.


Талас облустук сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы боюнча төраганын орун басары Жекшеналы Курманбаев 2020-жылы Талас областынын административдик соту тарабынан 140  иш, 96 административдик иш, 24 экономикалык иш жана 20 соттук материал каралган, ал эми апелляциялык тартипте 24 административдик иш, 4 экономикалык иш жана 1 соттук материал каралганын айтты.


Жыйындын соңунда Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын, ошондой эле 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы иш пландарын жалпылаштырды.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын башчысы Шермамат уулу Бексултан  жергиликтүү соттордун имараттарында бүткөн жана болуп жаткан ремонт иштери, ошондой эле жергиликтүү соттордун материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө маалымат берип кетти.


Кеңешменин ишине онлайн катышкан  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдын талабын жана эмгек тиртибин бекем сактоону, мамлекеттик органдар менен өз ара бирдиктүү иш алып барууну күчөтүүгө чакырып,   Кыргыз Республикасынын Судьясынын Ар-намыс кодексинин талаптарын бекем сактоосуна көңүлдөрүн бурду.