KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата куттуктоосу

08 марта 2023

Урматтуу айымдар!


Сиздерди жаркыраган Жаз майрамы 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!


Жашообузду көрккө бөлөп, ар бир үй-бүлөнүн куту болгон аялзатына канчалык урмат көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылат.


Кыргызстан аялдары – биздин сыймыгыбыз, улутубуздун көөнөрбөс кенчи.


Сиздер – үйдүн куту гана эмес, мамлекетибиздин таянычы жана коомубуздун тирегисиздер.


Эне сүтүн актаган, анын кадырына жеткен, аялзаты урмат-сыйга бөлөнгөн коом гана өсүп-өнөт.


Табият тартуулаган түгөнгүс мээрим менен көөнөргүс аруулуктун ээси болгон аялзат үй-бүлөнүн түмөн түйшүгүн эле эмес, жер жүзүндөгү бейпилдикти, тынчтыкты бекем кармап турат. Дал ошондуктан эне жүрөгүнө бүтүндөй аалам батат эмеспи. Мына ушундай улуу касиет үчүн биз сиздерге өмүр бою милдеттүүбүз!


Ардактуу асылзат айымдар!


Жан дүйнөңүздөр жаркып, үйүңүздөрдөн ырыскы, кут, жакшылыктар орун алсын! Бак-таалайыңыздар бөксөрбөсүн, өмүрүңүздөр узун, дениңиздер сак болуп, элибиз аман, жерибиз тынч болсун!