KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаарынын Административдик сотунда коррупцияны алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

24 сентября 2020

Бишкек шаарынын Административдик сотунун  2020-жылдын экинчи жарым жылдыгына болгон планына ылайык, аталган соттун аппарат кызматкерлерине  коррупцияны алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Аппарат кызматкерлери коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги нормативдик-укуктук актылары, анын ичинде «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзам, Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү Жарлыктары жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомдору менен таанышышты.


Ошондой эле кызматкерлерге мамлекеттик кызматкердин  жүрүм-турумунун стандарттары жөнүндө, кызыкчылыктар кагылышкан учурда жүрүм-турум эрежелери, алардын коррупциялык кылмыштарды жасоого ынандыруусуна каршы туруу милдети жөнүндө түшүндүрүү иштери жасалды.


Видео-блок

Жашыруун келишимдерге, коррупцияга орун жок. М.Сатыев иш сапары менен Нарын облусуна барды
УТРК Жалал-Абад: Соттор үчүн окутуулар улантылууда
Кызматынан алуу, катуу сөгүш, сөгүш. Сот департаментинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн...
УТРК ЧҮЙ: СОТ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫ ҮЧҮН ШАРТТАР ТҮЗҮЛҮҮДӨ
Биринчи жолу. Жогорку сот 10дон ашык алдыңкы жогорку окуу жайлар менен кызматташуу кел...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...