KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Астанада административдик өндүрүштүн актуалдуу маселелери талкууланды

30 ноября 2022

Астанада «Борбордук Азиядагы административдик сот өндүрүшү: Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан» деген темада административдик иштер боюнча судьялар үчүн эки күндүк аймактык семинар өз ишин аяктады.


Кыргыз тараптан иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова, Жогорку соттун судьясы Болотбек Акматов, ошондой эле жергиликтүү соттордун судьялары катышты.


Нургуль Бакирова белгилегендей, соттордун өз ара аракети биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизүүдө.


«Биздин мындан аркы өз ара аракеттерибиз, албетте, Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын сот тутумдарынын алдыңкы тажрыйбаларын  өздөштүрүүсүнө шарт түзөт.


Соттордун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо адилеттүү жана калыс сот адилеттигин ишке ашырууга, жарандардын, ишканалардын жана бүтүндөй мамлекеттин эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүшү керек», — деди Нургуль Бакирова.


Ошондой эле семинарда Чүй облустук сотунун төрагасынын административдик иштер боюнча орун басары Жыргал Мурзалиева «Кыргыз Республикасынын административдик сот өндүрүшүндө үчүнчү жактар» деген темада баяндама жасады.


Эки күндүк семинардын жүрүшүндө судьялар сотко чейинки даттануу жана соттор тарабынан ишенимди коргоо принцибин колдонуу туурасында административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдардын нормаларын талкуулашат.


Аталган семинар  Казакстан Республикасынын Жогорку соту тарабынан Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбордук Азияда укуктук мамлекеттүүлүктү илгерилетүү» аймактык программасы менен биргеликте уюштурулду.