Кыргыз Республикасынын сот системасындагы маалымат ресурстары
KG
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Подать обращение

Бишкек шаардык сотунда АИС системасын колдонуу боюнча окуу өтүп жатат

24 января 2020

2020-жылдын 22-24-январь аралыгында Бишкек шаардык сотунда сотторго жана сот отурумунун катчыларынын катышуусунда соттук адилеттүүлүктү автоматизациялоого байланышкан окуу (АИС экинчи инстанциялык сот) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, УИТ «Адилет Сот» жана ЦБИ кɵмɵгү менен ɵткɵрүлүүдɵ.


Соттук органдардын электрондук системада иштɵɵсү соттук иштердин натыйжалуулугун кɵтɵрүп жана соттук ишмердүүлүктɵ ачык айкын принциптерин кɵзɵмɵлдɵɵгɵ шарт түзɵт.


Аталган системанын ишке киргизилишине  Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү- 2- фаза” Программасы колдоо көрсөтүп келүүдө.


Бишкек шаардык сотунун басма сɵз кызматы


А.Т. Жаасынова