KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаардык сотунда 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча онлайн жолугушуу болуп өттү

25 сентября 2020

2020-жылдын 25-сентябрында Бишкек шаардык сотунда видеоконференция режиминде Бишкек шаардык соту жана Бишкек шаарынын райондук соттору тарабынан 2020-жылдын 1-жарым жылында каралган сот иштеринин жыйынтыктарын талкуулаган жыйынтыктоочу жолугушуу болуп өттү.


Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гульбара Калиева, Бишкек шаардык сотунун жана Бишкек шаарынын райондук сотторунун төрагалары жана судьялары катышышты.


Жолугушуу жаңы форматта – онлайн республиканын облустук сотторунун төрагаларынын жана орун басарларынын катышуусунда өттү.


Бишкек шаарынын райондук соттору тарабынан каралган иштердин жалпы талдоосу көрсөткөндөй, 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында каралган иштердин саны 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азайган, эгерде 2019-жылы 19 571 сот иши каралса, анда 2020-жылы 17 981 сот иши каралган, башкача айтканда 1 590 төмөндөгөн, бул 8% ды түзөт.


Мындай белгиленген мөөнөттө каралган иштердин санынын төмөндөшү Бишкек шаарынын аймагына карантиндик чаралардын киргизилгендигине байланыштуу.


Соттор иштердин сапатына жана мөөнөттөрүнө өзгөчө көңүл бурушту.


Ошондой эле отурумда иштердин категориялары боюнча терең анализди жана статистиканы андан ары жүргүзүүгө, актоо, токтотулган иштерди талдоо, иштерди соттон тышкары кароо жана башка маселелер каралды.


Бишкек шаардык сотунун төрагасы Азамат Алыбаев кеңешменин жыйынтыгын чыгарып жатып, судьяларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоого, иштерди кароодо процесстик мөөнөттөрдү сактоого, тараптарга өз убагында сот актыларын берүүгө жана каралып жаткан иштерге үзгүлтүксүз талдоо жүргүзүүгө чакырды.


 


Бишкек шаардык сотунун


басма сөз катчысы


Айсулуу Жаасынова