KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Чүй облустук сотунда жыл жыйынтыгы чыгарылды

19 февраля 2021

2020- жылга карата Чʏй облусундагы жергиликтʏʏ соттордун жʏргʏзгɵн ишмердʏʏлʏгʏнʏн жыйынтыгын чыгарган кеңешме 2021-жылдын 19-февралында Чʏй облустук сотунун имаратында болуп ɵттʏ. Бул жылдагы кеңешме былтыркы жылдардан айырмаланып онлайн форматында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова, Жогорку соттун төрайымынын орун басарлары Айнаш Токбаева, Нургуль Асанова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиевдин катышуусунда өттү.


Ошондой эле  кеңешмеге Чʏй облусунун Административдик сотунун, райондук жана шаардык сотторунун тɵрагалары жана судьялары катышышты.


2020- жылдын жергиликтʏʏ жана апелляциялык инстанциядагы соттор тарабынан каралган иштердин саны жана сапаты тууралуу Чʏй облустук сотунун тɵрагасынын жазык иштер жана жоруктар жɵнʏндɵ иштер боюнча орун басары Улан Садырбеков, жарандык жана экономикалык иштер боюнча тɵраганын орун басары Асель Чекирова жана административдик иштер боюнча тɵраганын орун басары Жыргал Мурзалиева кеңири маалымат беришти.


2020-жылдын статистикалык отчетуна ылайык,  Чʏй облусунун жергиликтʏʏ соттору 23782  иш караган.  2019-жылга салыштырмалуу 808 ишке же 4% га азайган, ал эми былтыркы  2019-жылдын отчеттук мезгилинде 24590 иш тʏзгɵн.


Апелляциялык инстанцияга 2020-жылы 2048 иш даттанылып, алардын ичинен 987 же 64% иш кʏчʏндɵ калтырылып, 419 иш же болбосо 27% жокко чыгарылган жана  ɵзгɵртʏлгɵндɵрдүн саны 132 ишти же 9% тʏзгɵн.


Ал эми 2019-жылы 2311иш даттанылып, 1147 иш же 57% кʏчʏндɵ калтырылган. Ошондой эле   633 иш же 32% жокко чыгарылып, ɵзгɵртʏлгɵндɵрдʏн саны 226 иш же 11% тʏзгɵн, жалпысынан алганда даттануулардын саны 5% га тɵмɵндɵгɵн.


2020-жылы Чүй  облустук сотунда 1720 иш каралып,  2019-жылга салыштырмалуу 2516 иш каралып, быйылкы кɵрсɵткʏчтɵр 796 ишке кыйла азайган.


2020-жылга карата кассациялык иретинде даттанылган иштер 604 же 35% тʏзɵт. Алардын 469 иши же 78% кʏчʏндɵ калтырылган, 126 иш же болбосо 21% жокко чыгарылган, 13 иш же 2% ɵзгɵртʏлгɵн.


Кассациялык тартипте даттанылган иштердин саны 2019-жылы 834 иш же 33 % Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылган.  Алардын ичинен күчүндɵ калтырылган иштердин саны 600(72%), жокко чагарылгандары 192 (23%), ɵзгɵртʏлгɵндɵрʏ 41 иш же 5%.


Сот кызматкерлерине жакшы имидж тʏзʏʏ максатында райондук жана облустук соттор аксакалдар сотторунун мʏчɵлɵрʏнɵ методикалык жардам берип, тыгыз иштерди жʏргʏзʏʏдɵ.


2020-жылы Чүй облусундагы  Аксакалдар соттору, Чүй облусунун райондук сотторунун ɵкүлдɵрү, мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам уюмунун, Медиация ассоциациясынын, регионалдык жергиликтүү ɵз алдынча бакшкаруу органдарынын, Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бɵлүмүнүн, ошондой эле  жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлгөн. Анда  Чүй облустук сотунун ишмердүүлүгү жана ошондой эле өлкөдө жүрүп жаткан сот реформасы жɵнүндɵ маалыматтар берилген.


Жолугушуунун жүрүшүндɵ Чүй облусунун соттору менен жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдары жана Аксакалдар сотторунун ортосунда келечекте кызматташуу жɵнүндɵ макулдашууга жетишилгендиги маалымдалды.


Ошондой эле 2020-жылы Чүй облустук соту жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер  министрлигинин  Эргеш Алиев атындагы Академиясы ортосундагы билим берүү, илимий — изилдөө  ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.


Мындан тышкары Чүй облустук сотунда Чүй облусунун прокуратурасынын жана Ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлдөрү менен Чүй облусунун райондук жана шаардык сотторунун төрагаларынын катышуусу менен кеңешме өткөрүлдү. Аталган кеңешменин алкагында соттор тарабынан каралып жаткан жазык иштер жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча актоо өкүмдөрү жана ишти кайра тергөөгө кайтаруу боюнча соттук актыларынын кабыл алыныш себептери белгиленди. Кеңешменин жыйынтыгында тергөө органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүштү алып барууда Жазык процесстик кодекстин талаптарын кынтыксыз аткаруу керектиги көрсөтүлдү.


Кеңешменин соңунда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургуль Бакирова судьялардын кɵңүлүн мыйзам чегинде аныкталган процессуалдык мɵɵнɵттɵрдʏн кынтыксыз сакталышына, сот акыйкаттыгын  жʏргʏзʏʏдɵ сапатын жогору кɵтɵрʏʏ маселесине өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле  жарандарга, иштин катышуучуларына туура мамиле жасоо, мындан тышкары мыйзамдын талаптарын так аткарууну сотторго милдеттендирди.