KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот адилеттик үйүндө студенттер үчүн “Ачык эшик күнү” өттү

09 февраля 2024

Студенттердин өлкөбүздүн сот тутуму туурасында маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча практикалык түшүнүк берүү максатында  Жалал-Абад облустук сот Адилеттик үйүнө студенттерге Ачык эшиктер күнүн өткөрдү.


Иш чарага Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад гуманитардык-педагогикалык колледжинин Укук таануу багытында окуган 3-курсунун студенттери катышты.


Жалал-Абад облусунун Административдик сотунун судьясы Азис Кудайбергенов студенттерге экскурсия өткөрүп, соттун имараты менен тааныштырып, аппарат кызматкерлеринин функционалдык милдеттери тууралуу түшүндүрүп, иштердин келип түшкөндөн кийинки кароо тартиби туурасында жана судьялардын кызматтык милдеттери жөнүндө кеңири маалымат берди


Иш чаранын соңуда судья Азис Кудайбергенов студенттердин окууларына ийгилик каалап, өлкөбүздүн мыйзамдарын бекем сактоого чакырды.


 


Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Торомаматов


Видео-блок

Элдин пикири: Соттор акыйкаттуу чечимдерди чыгарып жатышат
Нурлан Мусаев IV Эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты
Г. Абсатарова: "Судья болуу чоң жоопкерчиликти талап кылат"
Нургуль Бакирова «Манас» университети менен соттордун илимий жана агартуу ишмердүүлүгүн...
Нургуль Бакирова БУУнун Качкындар иштери боюнча комиссарынын башчысы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...