KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот Адилеттик үйүндө студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өттү

29 октября 2024

Студенттердин сот тутуму туурасында маалыматтуулугун жогорулатуу максатында Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы Адилет Шаршеев ошондой эле судьялар тарабынан, сот Адилеттик үйүндө студенттер үчүн «Ачык эшиктер күнү» өткөрүлдү.


Иш чарага Жалал-Абад шаарындагы Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин “Юриспруденция ” факультетинин 2,3-курсунун студенттери мугалимдердин коштоосунда катышты.


Иш-чаранын алкагында студенттер жарандык иш боюнча ачык сот жыйналышына катышышты.


Студенттерге экскурсия өткөрүлүп, сот Адилеттик үйү менен таанышышты, сот жыйналышынын залдарында орнотулган аудио-видео жазуу системасы жана иштердин келип түшкөндөн кийинки тартиби жана ошондой эле, биринчи, экинчи жана үчүнчү инстанциялык соттор туурасында кенен маалымат алышты.


Ал эми судьялар Асанбек Тойгонбаев, Асель Эсенгулова жана Айнура Иманалиевалар болочоктогу юристтерге судьялардын ыйгарым укуктары, принциптери, статусу жана аппарат кызматкерлеринин функционалдык милдеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, ошондой эле кеп-кеңештерин берип, кызыктырган суроолоруна жооп беришти.


Иш чаранын соңунда окуу жайдын мугалимдери судьяларга ыраазычылыгын билдирип, бул жолугушуу студенттер үчүн чоң мотивация болоорун белгиледи.


Видео-блок

Биздин максат – адилет, ачык, калыс сот бийлигин түзүү. Жаңы жылдык куттуктоо.
Сот приставдарына жаңы автоунаалар берилди
М.Сатыев:"Жогорку айлык да, пара да алам десеңер терең жаңылышасыңар!"Нарын шаарындагы ...
М.Сатыев: "Бардык шартыңар түзүлүп жатат. Эми талап да болот!." Жумгал райондук соту
М.Сатыев: "Кол ийрисине тартат дегенди токтоткула! Мыйзам менен иштегиле! ". Ак-Талаа р...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...