KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Сот Адилеттик үйүндө студенттер үчүн ачык эшиктер күнү өттү

16 октября 2024

Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басары Зарипбек Аданбаев, Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун төрагасы Асылбек Мамадалыев жана Каракол шаардык сотунун төрагасы Каныбек Акыев ошондой эле судьялардын  катышуусунда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Каракол шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин 1-2-курсунун студенттерине ачык эшик күнү өткөрүлдү.


Зарипбек Аданбаев,  Каныбек Акыев, Асылбек Мамадалыев студенттерге экскурсия өткөрүп,  соттун имараты менен тааныштырып,  орнотулган аудио-видео жазуу системасы жана иштердин келип түшкөндөн кийинки тартиби ошондой эле биринчи экинчи жана үчүнчү инстанциялык соттор туурасында кенен маалымат беришти.


Ал эми судьялар Болоткан Дюшеналиев жана Зарина Абдыкадырова болочоктогу юристтерге судьялардын ыйгарым укуктары, принциптери, статусу жана аппарат кызматкерлеринин функционалдык милдеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, ошондой эле  кеп-кеңештерин берип, кызыктырган суроолоруна жооп беришти.


Иш-чаранын алкагында студенттер жарандык жана кылмыш иштер боюнча ачык сот отурумдарына катышты.


Жолугушуунун соңунда төрагалар жана судьялар студенттерге окууларына ийгиликтерди каалап, талыкпай изденип окуу керектигин эскертип, ушундай жолугушуулар алдыда дагы өткөрүлүп турарын жана жаш юристтер үчүн Сот Адилеттик үйүнүн эшиги дайым ачык экенин айтышты.


Аны менен биргеликте окуу жайдын мугалимдери  Акжолтой Иманалиева менен Мира Амангелдиева судьяларга ыраазычылыгын билдирип, бул жолугушуу студенттер үчүн чоң мотивация болоорун белгиледи.


 


Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы     А.Абдымаликова