KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жумгал райондук сотунда ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

25 ноября 2022

Жумгал райондук   сотунун демилгеси менен   өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу  багытында   ачык эшиктер күнү   өткөрүлдү . Бул жолу  иш чаранын коноктору  Чаектеги   Мидин Алыбаев атындагы  орто мектептин 11-  классынын окуучулары болушту.


Жумгал райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу, судья Куралбек Бектемиров  өспүрүмдөр арасында жасалып жаткан кылмыштуулуктун сот практикасында байма-бай  жолугуп жаткан   түрлөрүнө токтолуп, анын жоопкерчиликтери тууралуу  айтып берди.


Ошондой эле бул күнкү иш чарага райондук прокуратуранын,  райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү  жана райондук билим берүү  бөлүмүнүн башчысы да катышып,    өздөрүнө тиешелүү иш пландары  тууралуу маалымат беришти.


Жолугушуунун жүрүшүндө окуучулар өздөрүн кызыктырган бир катар суроолорго жоопторду алышты.


 


Нарын облустук  сотунун  басма сөз катчысы Барктабас Белеков


Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...