KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл областындагы Адилет үйүнө пресс-тур уюштурулду

28 сентября 2020

2020-жылдын 25-сентябрында Ысык-Көл областынын Административдик сотунун конференц-залында  “Сот системасынын ЖМК менен өз ара кызматташуусу” аттуу темада  тегерек стол болуп өттү. Иш чарага Ысык-Көл областтык сотунун төрайымынын орун басарлары Канат Аманов, Алмазбек Апышев, Медер Жаныбеков, басма сөз катчы Гульзада Аширбаева, Ысык-Көл областтык медиаборборунун башкы директору Чолпон Шаикова, «koom.kg» Коомдук талдоо институтунун өкүлү, областтык жана шаардык гезиттер менен телевидениенин кабарчылары катышышты.


Жолугушуунун биринчи бөлүгүндө болочок Адилет үйүнүн имаратына ЖМК өкүлдөрү үчүн пресс-тур уюштурулду. Каракол шаарында жалпы аянты 7920 чарчы метрди түзгөн, 5 кабаттуу имарат Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин  Ысык-Көл областтык  башкармалыгынын балансына берилген. Реконструкциялоо жана оңдоо иштери үчүн 80 млн. сомго тендер жарыяланып, жеңүүчүсү аныктала элек. Төрайымдын орун басары Канат Аманов жакынкы келечекте ал имаратта Ысык-Көл областтык соту, Каракол шаардык соту, Ысык-Көл областынын Административдик соту жайгашып, жарандар менен кызматкерлер үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн айтты. Журналисттер объектте жүргүзүлүп баштаган оңдоп-түзөө иштери менен жеринен таанышып, чатыры менен терезелери жаңыланганына күбө болуп, аткарылып жаткан иштер жөнүндө кеңири маалымат алышты.


Иш чаранын экинчи бөлүгүндө төрайымдын орун басарлары сот тутумундагы санариптештирүү, жаңы кодекстердин өзгөчөлүктөрү, областтык соттун ишмердүүлүгү жана иштерди кароо тартиптери тууралуу айтып беришти. Жолугушуу суроо-жооп форматында улантылып, соттук иштерди  туура жана так чагылдыруу жөнүндө тиешелүү сунуштар айтылды. Ошондой эле өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук көрсөткөн жана оор кылмыштарды жасаган айыпталуучулардын жазык жоопкерчилиги, кайсы учурларда өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы колдонулары тууралуу, административдик жоопкерчилик, алиментти өндүрүү жана башка көптөгөн маселелер жөнүндө сөз болду.


Мындан тышкары Ысык-Көл областтык сотунун төрайымынын орун басары Медер Жаныбеков  менен Ысык-Көл областтык медиаборборунун башкы директору Чолпон Шаикова жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу багытында өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшуп, ар квартал сайын атайын берүүлөрдү даярдоо боюнча макулдашышты.


Иш чаранын соңунда төрайымдын орун басарлары бул сыяктуу жолугушуулар мындан ары байма-бай  болуп турарын билдирип, катышуучуларга күндөлүктөрдү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан даярдалган «Сот системасынын ЖМК менен өз ара кызматташуусу» аттуу колдонмолорду белекке тапшырышты. Өз кезегинде, журналисттер тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдиришип, кызыктуу иш чара уюштурулганы үчүн областтык соттун жамаатына  ыраазычылык билдиришти.


 


                                                                                                                                               Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


                                                                                                                                                                                                          Гульзада Аширбаева