KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл областтык сотунда жаңы жетекчилик шайланды

08 апреля 2020

2020-жылдын 6-апрелинде Ысык-Көл областтык сотунун судьяларынын жалпы чогулушунда жаңы жетекчилик шайланды. Жыйында судьялар Алиева Гулкайыр  Сакешовнанын талапкерлигин аталган соттун төрайымынын ордуна бир добуштан колдошту. Ал эми административдик жана экономикалык иштер боюнча Ысык-Көл областтык сотунун төрайымынын орун басары болуп Аманов Канат Аманович, жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча  орун басары болуп Омуралиева Анара Медербековна жана жарандык иштер боюнча орун басары болуп Жаныбеков Медер Жаныбекович шайланышты.


Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын сотторунун       статусу       жөнүндөгү»      Конституциялык       Мыйзамынын 24-беренесине ылайык соттордун төрагалыры жана орун басарлары тиешелүү жергиликтүү соттордун судьяларынын чогулушунда үч жылдык мөөнөткө шайланышат.


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы


Гульзада Аширбаева


Видео-блок

Жалобы на действия судей: как работает механизм? | Ала-Тоо 24
Баткен облусундагы эл менен жолугушууларда сотторго жарандык, жер маселелер боюнча кай...
М. Алиев: “Судьялар мыйзамга гана таянып иштөөгө милдеттүү!”
ЭлТР: Соттордун судьялык кызматына резерв түзүлөт
Президент: Элге шылтоо эмес, мыйзамдуу, өз убагында кабыл алынган адилеттүү чечим керек

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...