KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук соту 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды

14 сентября 2020

2020-жылдын 11-сентябрында Ысык-Көл облустук сотунда жергиликтүү соттордун 2020-жылдын биринчи жарым  жылдыгындагы ишин жыйынтыктоочу кеңешме болуп өттү. Иш чарага Ысык-Көл облустук сотунун төрайымы Гулкайыр Алиева, облустук соттун судьялары, Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун төрагасы, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп райондук сотторунун төрагалары менен судьялары келишти. Ал эми Балыкчы шаардык, Ысык-Көл жана Тоң райондук сотторунун төрагалары менен судьялары кеңешмеге видео байланыш аркылуу катышышты.


Кеңешмеде жергиликтүү соттордун 2020-жылдын 6 айындагы ишмердүүлүгү боюнча төраганын орун басарлары Канат Аманов, Алмазбек Апышев жана Медер Жаныбеков баяндама жасашты.


Анда маалым болгондой, 2020-жылдын 6 айында биринчи инстанция сотторунда бардыгы 230  жазык иштери каралган.  Анын ичинен 148 жазык иштер боюнча өкүм кабыл алынып, 63 жазык иши кыскартылган. 2 жазык иш тергөөнүн кетирген мүчүлүштүктөрүн жоюу үчүн жана 2 жазык иш башка негиздер боюнча прокуратурага кайтарылып жиберилген.


Ал эми  Ысык-Көл облусунун Административдик сотунда 110 экономикалык иштер, 41 административдик иштер, 37 соттук материалдар каралган. Апелляциялык тартипте 19 экономикалык иш, 35 административдик иштер жана 4 соттук материалдар каралган.


Ошондой эле жарым жылда Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторуна 2727 арыз түшкөн, анын ичинен  1628 жарандык иштер жана 567 соттук материалдар каралган, өндүрүштөн 43 иш  кыскартылса, 639 иш кароосуз калтырылган. Чечим чыгаруу менен каралган  1270 иштин ичинен 1130 арыз толук канааттандырылган. Ысык-Көл облустук сотунда апелляциялык  тартипте ­114 жарандык иш, соттук материалдардан 26 иш каралган.


Жыйындын жүрүшүндө  сот адилеттигин жүзөгө ашырууда орчундуу болгон жагдайлар, ишти кароонун сапатын мындан да жакшыртуу, орун алган кемчиликтерди кайталабоо жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунда АМСтин (автоматташтырылган маалыматтык  система) ишиндеги көйгөйлөр менен кемчиликтерди  чечүү тууралуу көптөгөн  маселелер талкууланды.


Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Ысык-Көл облустук сотунун төрайымы Гулкайыр Алиева Ысык-Көл облусунун судьяларын сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда мыйзамдардын талаптарын так аткарууга чакырды.                                             


                                                                                              Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы


                                                                                                                                                     Гульзада Аширбаева