KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кочкор райондук сотунда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси каралды

27 марта 2023

Жакында Кочкор райондук соту тарабынан демилгеленген тегерек стол жыйыны болуп өттү. Жыйынга райондун прокурору, ошондой эле райондук ички иштер бөлүмүнүн жер-жерлердеги участкалык инспекторлору катышты.


Жыйында райондук соттун төрайымы Асел Садыгалиева өткөн 2022- жыл ичинде үй-бүлөлүк зордук -зомбулук беренеси боюнча райондук сотто каралган иштер, алардын күнгөй — тескейлери тууралуу кеңири маалымат берди.


Маселенин өзөгү аталган берене боюнча ишти сот өндүрүшүнө тапшырууда протоколдор, материалга тиркелген документтердеги кемчиликтер айрым учурларда жабырлануучулардын укуктарынын бузулушуна алып келип жаткан.


Андыктан ишке тиркеле турган далилдерди толук келтирүү жагдайындагы маселелер кызуу талкууланды.Тегерек стол суроо- жооп ирээтинде уланып, протокол толтуруу, сотко материалдарды даярдоо, мыйзамдардын талаптарын так сактоо менен жабырлануучулардын коопсуздугу үчүн укук бузуучуларды кармоонун тартиби тууралуу дагы тегерек столдун катышуучулары кеңири маалымат алышты.


Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Барктабас Белеков