KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ош облусунда Улуттук медиация борборунун 10 жылдыгына арналган иш чара өттү

06 июня 2023

Ош облусунун мамлекеттик администрациясында “Борбордук Азия өлкөлөрүндө медиация институтунун киргизүү тажрыйбасы.Кызматташтыктын келечеги” деген темада тегерек стол уюштурулду.


Жыйынга Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев, Ош шаардык сотунун судьясы Нурлан Султаналиев катышышты.


Ошондой эле, бардык региондорунан келген медиация институтунун өкүлдөрү  катышышты. Мындан сырткары, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн Казакстан жана  Өзбекстан республикасынан медиаторлор келишти. Ал эми Украина, Беларусь жана Россия федерациясынын медиаторлору менен жыйын онлайн форматта өттү.


Иш чарада сөз сүйлөгөн Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев  медиаторлор үчүн соттордо  атайын бөлмөлөр каралгандыгын белгилеп,  судьялар тараптарды маалыматтык жолугушууга багыттап жаткандыгын айтты.


“Албетте, жарандык, үй-бүлөлүк, эмгектик жана жазык-укуктук мамилелердин мыйзамдарында каралган учурларда келип чыккан талаш-тартыштарды чечүүдө медиация чоң орунду ээлейт.


Баарыбызга белгилүү болгондой, эки адамдын жарашуусу чоң иш, ошондуктан бул кесиптин ээлери чоң сый-урматка татыктуу экенин белгилегим келет”,  – деди  Ош облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев.


Медиация – бул тараптардын талаш-тартыштарын ортомчу аркылуу чечип, эки тарапка тең ыңгайлуу чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүүчү өзгөчө сүйлөшүүлөрдүн түрү болуп эсептелет. Элдешүү процедуралары чыр-чатактарды чечип, тараптардын мамилесин жакшыртуу жолдорун жөнгө салууга багытталган.