KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда автордук укук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуу маселеси талкууланды

15 сентября 2020

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын өкүлү А.Б. Шадыканова, патенттик укук чөйрөсүндөгү  эксперт  А.Ф.Федорва жана патенттик ишенимдүү өкүл  А.М. Вандаевдер менен жолугушуу болду.


Тараптар автордук укук чөйрөсүндөгү  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын — «Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын “Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамын талкууга алышты.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө автордук укук чөйрөсүндө ишти караштуулугу  боюнча  маселелер, далилдер жана аны чогултуу процесси, далилдөө предметтери жөнүндө пикир алмашуу болду.  Жолугушуунун жыйынтыгында бул категориядагы талаш-тартыш маселелерди чечүүдө Свердлов сотунун судьялары тарабынан мыйзамдарды колдонуу практикасын өнүктүрүү жөнүндө бир пикирге келишти.


Видео-блок

УТРК Талас: Элдик жыйындарда 61 жаран сотко кайрылган
Сот тутумуна караштуу "Фемида" пансионатында жаңы инфраструктуралык долбоорлор ишке ашы...
УТРК Жалал-Абад: Элдик жолугушуу. Соттук иштер боюнча маселелер көтөрүлдү
Биринчи инстанциядагы соттор электрондук билдирүү жөнөтүү тутумуна өттү
Кабарда судьялар жаңы электрондук билдирүү системасы тууралуу маалымат беришти

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...