KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Талас облустук сотунда сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапаты талкууланды

24 сентября 2020

Талас облустук сотунда жергиликтүү соттордун катышуусунда    2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында каралган иштердин сапаты боюнча жыйын өткөрүлдү.


2020-жылдын жарым жылдыгында, Талас облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Омурлан  Тункатаров, Жекшеналы Курманбаев жана Айнура Султаналиева ар бир соттун судьяларынын сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда  иштердин кароо сапаты жана жүктөмдөрү боюнча  тактамалары менен тааныштырып өтүштү.


Талас облустук сотунун  2020-жылдын биринчи жарым  жылдыгында жарандык жана   экономикалык иштер боюнча жалпы кароого 775 иш  түшкөн. Бул көрсөткүч  2019-жылдын жарым жылдыгындагы статистикалык маалыматка салыштырмалуу (895 иш) 13,4% пайызга  азыраак.


Ал эми жазык жана жорук жөнүндө иштер  боюнча жалпы кароого 767 иш түшкөн.


Анын ичинен  150 жазык иши, 123 иш жоруктар жөнүндө,  15 иш бузуулар, 479 жазык иш боюнча жана сотко чейинки өндүрүш боюнча соттук материалдар каралган. Бул көрсөткүч  2019-жылдын жарым жылдыгындагы статистикалык маалыматка салыштырмалуу (626 иш) 31,15% пайызга көбөйгөн.


Андан соң, административдик иштер боюнча жалпы кароого 78 иш каралган, анын ичинен 24 экономикалык, 40 административдик жана 14 соттук материалдар. Бул көрсөткүч  2019-жылдын жарым жылдыгындагы статистикалык маалыматка  салыштырмалуу (97 иш) 19 ишке азыраак каралган.


Жыйындын соңунда Талас облустук сотунун төрагасы Мирлан Боромбаев сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдын талабын жана эмгек тартибин бекем сактоону, мамлекеттик органдар менен өз ара  бирдиктүү иш алып барууну күчөтүүгө чакырып,  судьялардын Кыргыз Республикасынын судьянын Ар-намыс кодексинин талаптарын бекем сактоосуна көңүлдөрүн бурду.


 


           Талас облустук сотунун


басма сөз катчысы А.К.Чекеева