2020-жылдын 22-январында Тоң райондук сотунда сот тарабынан өндүрүлгөн мамлекеттик алымдарды өндүрүү иштерин жакшыртуу маселеси боюнча жолугушуу өттү. Тоң райондук сотунун төрайымы Сыдыгалиева Асел Бабановна тарабынан уюштурулган жолугушууга райондук соттун судьялары Соодонбеков Сабыр Конуратович жана Бекенов Турат Орозбаевич, Мамлекеттик салык кызматынын Тоң району боюнча Башкармалыгынын башчысы Жылкычы уулу Талант, Тоң районунун пробация органынын башчысы Т. Мамбеттурдиев, Тоң районунун сот аткаруучулар кызматтык бөлүмүнүн улук сот аткаруучусунун милдетин аткаруучу Н. Суултаналиевалар катышышты.
Тараптар соттун актыларын аткаруу боюнча көйгөйлүү маселелерди талкуулашты. Ошондой эле Жылкычы уулу Талант 2018-2019-жылдары салык кызматы тарабынан мамлекеттик алымдарды өндүрүү боюнча кандай иш чаралар жүргүзүлгөнү жана өндүрүүдөгү орчундуу маселелер боюнча маалымат берди.
Н. Суултаналиева соттун чечимдерин аткарууну ишке ашыруу маселеси жана аткаруу ыкмаларынын кыйынчылыктары, мыйзамда болгон коллизиялар боюнча баяндама берди.
Ошону менен бирге Т. Мамбеттурдиев пробация органынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат менен бөлүштү.
Жыйындын соңунда катышуучулар соттун актыларын аткарууну жөнгө салып, мамлекеттик алымдарды өндүрүү иштерин өркүндөтүү үчүн өз ара кызматташтыкты жакшыртып, мыйзамда белгиленген ыкмаларды жана бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу керек деген жыйынтыкка келишити.