KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда журналисттер үчүн пресс-тур уюштурулду

17 сентября 2019

2019-жылдын 17-сентябрында Жогорку сотто сот системасын санариптештирүү иштери менен тааныштыруу максатында журналисттер үчүн атайын пресс-тур уюштурулду.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат жетекчисинин орун басары Эркин Искаков сот системасынын ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында азыркы күндө биринчи инстанциядагы сотторго автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүү боюнча иштер жасалып жатканын белгиледи. Учурда 64 сот аталган системага кошулган.


“Бизнес жана инновациялар” борборунун өкүлү Илзат Исмаилов соттордун автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча презентация жасап,  иш сотко кабыл алынгандан баштап, чечим чыгарылып жана андан ары даттанууга чейинки сот ишин автоматташтырууга шарт түзүүчү  электрондук сот өндүрүшүн  иш жүзүндө көрсөтүп берди.   Мындан тышкары, Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технологиялар боюнча мекемесинин адиси  Асылбек Карашев Жогорку соттогу  иштерди автоматтык бөлүштүрүү системасынын иштөөсү боюнча  презентация  жасады.  Система иштер судьялардын ортосунда  бирдей бөлүштүрүлө тургандай түзүлгөн, башкача айтканда иш жүктөм коэффициенти  эң төмөнкү судьяга бөлүнүп берилет. Мында иштин татаалдыгынын коэффициенти, судьялардын иш календарынан алынган маалыматтар, судьянын пландык жүктөмү жана башка факторлор эске алынат. .


Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн адистери соттордогу видеоконференция байланышы, Жогорку соттун сот отурумдарын аудио жана видео жазуу системасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун жана жергиликтүү сотторунун ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун жана ошондой эле жарандарды, юридикалык жактарды, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын сот актылары тууралуу маалыматтар менен  өз убагында камсыздоо максатында түзүлгөн act.sot.kg адистешкен сайты тууралуу айтып беришти.


Мындан соң Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Бишкек шаарынын  Свердлов райондук сотунда болушту. Аталган соттун төрайымы Жылдыз  Ибраимова биринчи инстанциядагы соттун автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча толук маалымат берди.


Сот департаментинин алдындагы маалыматтык технологиялар боюнча мекемесинин долбоорлорунун  жетекчиси Константин  Степанов аудио жана  видео жазуу системасынын иши туралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.