KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сотто шайлоо укуктарын коргоо жөнүндө эки иш каралды

14 февраля 2019

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  административдик  жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы  2019-жылдын 7 жана 12-февралында  шайлоо укуктарын коргоо боюнча эки ишти карады.


 2019-жылдын 7-февралында Жогорку соттун административдик  жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы Коргонбай уулу Жусупбектин КР БШКсына карата аракеттерди мыйзамсыз деп табуу жана 26.12.2008-жылдагы № 19   чечимди  туура эмес  деп табуу тууралуу Бишкек шаардык райондор аралык сотунун  2019-жылдын 5-февралындагы  чечимине карат КР БШКнын кассациялык даттануусун карады.  


 Жогорку соттун  соттук коллегиясы   Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2019-жылдын  5-февралындагы чечимин жокко чыгарып,  Коргонбай уулу Ж. билдирген талаптарын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө   жаңы  чечим кабыл алды.


Жогорку сот  мурда кабыл алынган  КР БШК  тоткому  менен Бишкек шаардык аймактык комиссиясынын  чечими Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын компетенттүү  мамлекеттик органдарынын  расмий маалыматтарынын негизинде кабыл алынып, буга ылайык Бишкек шаардык  кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Ж. россиянын  жарандыгы бар экендигине шилтеме жасаган.


2019-жылдын 12-февралында  КР Жогорку соту  А.Х.Парпиевдин Бишкек шаарынын  райондор аралык сотунун  2019-жылдын  4-февралындагы  чечими менен аныктамасына карата кассациялык  даттануусун карап, аны   канааттандыруусуз калтырды.


Буга чейин  А.Х Парпиев  сотко  арыз менен кайрылып,  2019-жылдын 31-январындагы  № 7  КР БШК нын “Бишкек шаардык аймактык  комиссиясынын  чечими жөнүндө” токтомун,  2018-жылдын  12- июлундагы  № 6  “ Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын мандатын өткөрүп берүү жөнүндө” жана ага канааттандыруудан баш тартылган Бишкек шаардык  аймактык комиссиясынын  тизме боюнча кийинки  талапкерге  Э.Ш. Досиевге мандатты өткөрүп берүү боюнча аракетин токтотууну суранган арызды камсыз  кылуу боюнча чараларды көрүү туурасында өтүнүчүн келтирген.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  административдик  жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы  биринчи инстанциядагы соттук актыларды күчүнө калтырды.