KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Пленум болуп өттү

17 октября 2024

Бүгүн, 2024-жылдын 17-октябрында, Нурлан Мусаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Пленум болуп өттү.


Пленумдун ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьялары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Башкы прокурорунун, Юстиция жана Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү катышты.


Күн тартибинде катышуучулар алты маселени карашты:


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун «Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар жөнүндө иштер боюнча соттук практика тууралуу» токтомунун долбоору;


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун «Курчап турган чөйрөнү коргоого байланыштуу жарандык иштерди соттор кароодо мыйзамдарды колдонуунун айрым маселелери жөнүндө» токтомунун долбоору;


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 28-февралындагы №4 “Соттук чечим жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомунун долбоору;


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2019-жылдын 24-майындагы №13 «Соттук өкүм жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомунун долбоору;


— “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту демилгелеген мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө” токтомунун долбоору;


— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2022-жылдын 25-февралындагы №8 “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Илимий-консультациялык кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомунун долбоору.


 


Жогорудагы токтом долбоорлору бир добуштан кабыл алынды.