KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сотто соттордун автоматташтырылган маалыматтык системасын Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине интеграциялоо маселелери талкууланды

18 сентября 2019

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда  соттордун автоматташтырылган маалыматтык системасын Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине интеграциялоо  боюнча маселелерди талкуулаган жыйын болуп өттү. Иш чарага Жогорку соттун Аппарат жетекчисинин орун басары Эркин Искаков, Башкы прокуратуранын укуктук статистиканы жана каттоону башкаруу бөлүмүнүн башчысы  А. Усупбеков, «Айти Сервис» мамлекеттик мекемесинин директору  У. Юсупов, “Бизнес жана инновациялар” борборунун  директору Д. Кенжалиев,  Сот департаментинин алдындагы  «Адилет сот»   маалыматтык технологиялар боюнча мекемесинин  башкаруучусу  А. Юрьев   жана  аталган мекемелердин бир катар адистери катышышты.


Жолугушууда соттордун автоматташтырылган маалыматтык системасын Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине интеграциялоодогу  техникалык мүчүлүштүктөр, алардын алдын алуу маселелери талкууланды.


Соттордун автоматташтырылган маалыматтык системасы  санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылууда. Аталган системаны кошуу  аракеттери  2017-жылы башталып, бүгүнкү күндө республика боюнча биринчи инстанциядагы 64 сотко  толук киргизилип, ийгиликтүү иштеп келет. Учурда  кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестри менен маалыматтарды бөлүшүү модулун иштеп чыгуу боюнча иштер  жүрүп жатат.



Видео-блок

Судья кантип жоопко тартылат? Тартип комиссиясы кандай иштейт?
"Судья үчүн эң чоң ката — билип туруп акыйкатсыз чечим чыгаруу." - Мирлан Боромбаев
АИС Электронный отбор кандидатов на должность судьи Кыргызской Республики I Инструкци...
Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти
Жогорку соттун төрагасы М. Сатыевдин жеке кабыл алуусуна кантип кирсе болот?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...