KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сот көрсөтмө менен Конституциялык палатага кайрылды

14 февраля 2019

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту  Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2011-жылдын 25-ноябрдагы №223   “Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктунун Кыргыз Республикасынын  Конститутциясынын 74-статьясынын 9-бөлүгүнүн, 6-статьясынын 1,2-бөлүктөрү,  5- статьянын  3- бөлүгү, 3- статьянын 2- бөлүгүнө  конституциялык эмес жана карама-каршы  келе турган көрсөтмө  менен  кайрылды.


Белгилей кетсек, талашып жаткан ченем, тагыраагы “Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3- беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пункту  башкалардын  ичинде  КР Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарын  карайт – Кыргыз Республикасынын  сот тутумунун ишмердүүлүгү  жөнүндө  КР Жогорку сотунун төрайымынын  жылдык маалыматын угуу, анда сот адилеттигин жүзөгө ашырууда  кийлигишпөө принцибин сактоо  жана  конкреттүү соттук иш боюнча отчетту талап кылбоо  менен өткөрүлөт.


“Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө”    Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 35-пунктунун нормасы КР Конституциясынын  58-статьясынын 1-бөлүгүнүн  30-пунктунда  жазылып, Кыргыз Республикасынын референдум  менен 2007-жылдын 21 – октябрында кабыл алынып, ага ылайык Жогорку Кеңештин карамагына  Конституциялык  соттун, Жогорку соттун, Акыйкатчынын өкүлдөрүнүн жылдык отчетун угуу  каралган.  2010-жылдын  27-июнунда референдум менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясында КР Жогорку Кеңешинин компетенциясында  мындай  ыйгарым укуктар  жок.  КР Конституциясынын  74-статьясынын 9-бөлүгүндө  КР  Жогорку Кеңеши Конституцияда каралган башка ыйгарым укуктарды   аткара тургандыгы жазылган. Бул нормада КР Жогорку Кеңешинин  ыйгарым укуктарынын тизмеси Конституция  тарабынан каралып, мыйзамдар же болбосо  башка нормативдик укуктук актылар  менен кеңейтилбейт.


Мындан тышкары, бул норма  Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 3-статьясынын 2-пунктуна карама-каршы келип, ага ылайык  Кыргыз Республикасындагы  мамлекеттик бийлик  бөлүштүрүү  принциби менен  негизделет.


Мамлекеттик бийликтин  мыйзам  чыгаруу, аткаруу  жана  сот бийлиги  болуп бөлүнүшү, мамлекеттик бийликтин  уюштуруу жана укуктук мамлекеттин иштешинин маанилүү  принциптери болуп саналат. КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын  2018-жылдын 3-октябрындагы  чечиминде  белгиленгендей  “бул принципке ылайык,  бийликтин  ар бир  бутагы  мамлекеттик бийликтин  жалпы системасында  өзүнүн ордун ээлеп,  ага берилген гана  милдеттерди жана функцияларды аткарат. Мындай бөлүштүрүүнүн маңызы бийликтин ар бир бутагынын өз алдынча жана көз карандысыз болушу,   ошондой эле мындай көлөмдөгү  ыйгарым укуктар менен  алардын ортосундагы теңдикти камсыз кылып, бир бийлик бутагын башкасы басымдуулук кылууну жокко чыгарат”.


Талаш жаратып жаткан норма мыйзам чыгаруу бийлигинин  сот бийлигинин үстүнөн  басымдуулукту бекитип,  бийликти бөлүштүрүүнүн принциптери  бузулуп жаткандыгын көрсөтүп, сот бийлигинин  көз карандысыздыгынын  деңгээлин төмөндөтүп жатат.