KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Жогорку сот «Актив» саясий партиясы боюнча Административдик соттун чечимин күчүндө калтырды

14 сентября 2020

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 3-сентябрындагы чечими менен «Актив» саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депутаттыкка талапкерлердин тизмесин  каттоого баш тартылган.


«Актив» саясий партиясы тарабынан шайлоо күрөөсүн төккөндүгү туурасында  ырастоочу документ  берилген эмес. Ошондой эле мыйзамда көрсөтүлгөндөй талапкерлердин тизмесинин тартиби сакталган эмес.


Бул чечимге “Актив”   саясий партиясы макул болбой  2020-жылдын 5- сентябрында  Бишкек шаарынын Административдик сотуна кайрылган.


Бишкек шаарынын Административдик сотунун  2020-жылдын 7-сентябрындагы чечими менен «Актив» саясий партиясынын БШКнын 2020-жылдын 3-сентябрындагы чечимин жараксыз табуу туурасындагы арызы канааттандыруусуз калтырылган.


Бүгүн, 2020-жылдын 14-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Административдик иштер боюнча соттук коллегиясы биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.



Видео-блок

Медербек Сатыев илимий-консультациялык кеңештин жаңы мүчөлөрү менен жолугушту
"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды
"Соттор эл аралык стандарттагы шартта иштеши керек!". М.Сатыев Жалал-Абад облусуна барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...