KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегияларына өзгөртүүлөр киргизилди

25 февраля 2019

2019-жылдын 22-февралында  Гульбара Калиеванын төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  Пленуму болуп өттү.


Пленумдун отурумуна жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Башкы Прокурорунун орун басары  Джамиля  Джаманбаева жана  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи  орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков катышышты.


Күн тартибинде Жогорку соттун  судьялары эки маселени  карашты.  Биринчи маселе боюнча Пленумда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун үч соттук коллегияларынын  2018-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жөнүндө маалыматы угулду. Андан соң судьялар  соттук коллегиялардын курамына  судьяларды шайлоо боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомун кабыл алышты.


Пленумдун токтомуна ылайык,  Жогорку соттун судьсы  Болотбек Батыралиев жарандык иштер боюнча соттук коллегиядан  жазык иштери  жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү  иштер боюнча соттук коллегияга шайланды.  Ушул эле токтом менен Камиль Осмоналиев, Айбек Давлетов жана  Абылай Мухамеджанов административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиядан жарандык иштер боюнча коллегиясына шайланышты.