KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Медиация маселелери түз эфирде талкууланды

11 февраля 2020

2020-жылдын 7-февралында Жалал-Абад областтык сотунун төрагасынын орун басары Абдимиталип Абылакимов жана Улуттук медиация борборунун Жалал-Абаддагы филиалынын директору Абдыкапар Кайыпов  Жалал-Абад  областтык мамлекеттик телерадиокомпаниясынын түз эфирине катышышты.


Программанын жүрүшүндө 2018-жылдын февраль айынан күчүнө кирип иштеп жаткан медиация институтунун максаты, медиация институту иштеп кетсе соттордун жүргүзгөн жумушуна канчалык деңгээлде өзүнүн пайдасын алып келери, медиатор болуп кимдер иштей алаарын, талаш-тартыш боюнча тараптар медиаторларго кайрылып, ал жерден иши бүтпөй калган учурда медиаторлор адвокат катары сотко катыша алабы деген суроолор берилип, аларга кеңири жооптор берилди.


Мындан сырткары түз эфирдин жүрүшүндө көрүүчүлөрдөн түшкөн айрым  суроолорго да жооптор берилди.


Уюштурулган түз эфир жарандардын укуктук билимин  жакшыртуу багытындагы иш чаралардын бири катары өткөрүлдү.


 


 


                                                           Жалал-Абад областтык сотунун басма сөз катчысы


Видео-блок

Медербек Сатыев илимий-консультациялык кеңештин жаңы мүчөлөрү менен жолугушту
"Жети өлчөп бир кескиле!". М.Сатыев Ош областына иш сапары менен барды
Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын пайдубалына капсула салынды
"Соттор эл аралык стандарттагы шартта иштеши керек!". М.Сатыев Жалал-Абад облусуна барды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...