KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Ысык-Көл облустук соту менен жергиликтүү телерадиокомпаниянын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду

15 февраля 2024

2024-жылдын 14-февралында Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы Нурлан Чериков жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына караштуу “Ысык-Көл областтык телерадиокомпаниясынын” башкы директору Алтынбек Бектуров өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.


Төрага  Нурлан Чериков меморандумдун негизги максаты Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун ишмердүүлүгүн  калкка кеңири жайылтуу, жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу жана сот тутумунун  ачык-айкын болуусуна  көмөктөшүү экенин белгилеп, бүгүнкү күндө массалык маалымат  каражаттары сот тутумунун адилеттүүлүгүн, айрыкча элдин сот бийлигине  болгон  ишенимин жогорулатууда маалымат жайылтуунун ролу жана  таасири  чоң  экендигин белгилеп, ачык кызматташууга чакырды.


Аны менен биргеликте Алтынбек Бектуров бийликтин үчүнчү бутагы  катарында сот бийлигинин ачык-айкындуулугу  бул жагымдуу көрүнүш экенин белгилеп, маалымат менен гана чектелбестен, сот адилеттигинин ишмердүүлүгүн чагылдырууда ошондой эле жарандарга укуктук сабаттуулугун жогорулатууда жалпыга маалымдоо каражаттары көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.


 


                                                        


Ысык-Көл областтык сотунун басма сөз катчысы                                                                   А.А.Абдымаликова


Видео-блок

Медербек Сатыев Чүй облусундагы сот имараттарынын курулуш иштери менен таанышты
Калыс сот – элдин тиреги | Чүй облусу
Медербек Сатыев Нарын областындагы соттор үчүн курулуп жаткан объектилерди текшерди
Соттордун Ысык-Көлдөгү "Фемида" пансионаты жана андагы келечек пландар
Катуу чаралар көрүлөт. Соттор боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...