KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

З. Базарбеков: Жакын арада мамлекеттик тилдин деңгээлин судьялар жана аппарат кызматкерлери арасында аныктай баштайбыз

22 сентября 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 22-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө арналган  иш чара уюштурулду.


Иш чарага Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, судьялар жана аппарат кызматкерлери катышышты.


Жогорку соттун төрагасы эчен кылымды кемире басып, кептин касиеттүү кереметин ачып келген айкөлдүн эли, адегенде эле тилин, андан кийин дилин бийик сактап келген нарктуу журт экенин айтты.


“Жакында эле Кыргыз Республикасынын  Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду.


Мыйзамдын 32-беренесинде бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү деп жазылган.


Тагыраак айтканда, аталган мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкер  Кыргызтесттин B2 деңгээлинен өтүшү керек. Жакын арада мамлекеттик тилдин деңгээлин судьялар жана аппарат кызматкерлери арасында аныктай баштайбыз.


Ал эми жакында эле Мамлекеттик тил комиссиясы Жогорку сотто атайын текшерүү жүргүзүп, иш кагаздары канчалык деңгээлде мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жаткандыгын аныкташты.


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жалпысынан иш кагаздары мамлекеттик тилде түшүнүктүү жана так жүргүзүлүп жаткандыгын белгилешти.


Андыктан, эгемендүү элибиздин мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жана улутубуздун келечегин түптөө максатында мамлекеттик тилдин өнүгүшү үчүн ар бир кыргыз жараны өз тилинде сүйлөөгө, аны коомдогу ордунун бекемделишине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.


Манастай дастандарды жараткан, комузга үн берип, кол ойноткон  ышкыбоз жаратман элибиздин, уюткулуу улуттун жана өлкөбүздүн мамлекеттик тили катары бааланган кыргыз тилибиздин келечеги кең, түбөлүгү түз болушуна тилектешмин!”, — деп билдирди З. Базарбеков.


Иш чаранын алкагында Манас айтылып, мамлекеттин тилдин орду жана мааниси туурасында ырлар окулду.



Видео-блок

Эми мамлекеттик алымды онлайн төлөсө болот
Жаңы судьялар Жогорку соттун жамаатына тааныштырылды
Н. Бакирова: "Бала укуктарын коргоо – Кыргызстандын сот тутумунун артыкчылыктуу багыты"
Сот тутумун санариптештирүү үчүн координациялык жумушчу топ түзүлдү
Судьяларды ротациялоо: Адилеттүүлүк жана натыйжалуулук үчүн механизм

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...