Кыргыз Республикасынын сот системасындагы маалымат ресурстары
KG

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары жана судьялары айылдын аксакалдары жана дин кызматкерлери менен жолугушту

11 сентября 2019

2019-жылдын 2-сентябрында  Жалал-Абад областтык сотунун кылмыш иштер жана административдик укук бузуулар боюнча төрагасынын  орун басары  Б.С.Султанканов Кара-Көл шаардык сотунун судьялары Н.М.Миркамилов,  П.Ж.Ыманбеков жана  Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеев менен биргеликте  шаардын имамдары, аксакалдары  менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Кара-Көл шаарындагы жаңы курулуп бүтүп    жаткан мечиттин имаратында  өттү.


Жолугушуу учурунда алар коомго коопсуздук  жаратып жаткан  диний экстремизм жана терроризм маселелери  боюнча,  ошондой эле үй-бүлөөлүк зомбулук тууралуу маектешип, жаштарга туура тарбия берүү менен жогорудагы терс көрүнүштөрдүн  алдын алуу маселелерин талкуулашты.