KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев Шэньси провинциясынын делегациясы менен жолугушту

19 июля 2024

Бүгүн, 2024 – жылдын 19-июлунда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев Шэньси провинциясынын парткомунун туруктуу комитетинин мүчөсү, Шэньси провинциясынын тартипти текшерүү комиссиясынын катчысы, Шэньси провинциясынын партиялык көзөмөл комитетинин башчысы Ван Синънин башында турган Кытай Эл Республикасынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.


Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан ошондой эле жолугушуунун ишине: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрагасынын орун басары – Кумушбек Жоомартов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат жетекчисинин орун басары Эркин Искаков катышышты.


Кытай тараптан Шэньси провинциясынын Тартип текшерүү комиссиясынын катчысынын орун басары, Шэньси провинциясынын партиялык көзөмөл комитетинин башчысынын орун басары – Ма Силян, Шэньси көмүр – химиялык өнөр жай корпорациясынын дисциплинаны текшерүү комиссиясынын жана текшерүү комитетинин дисциплинаны текшерүү жана көзөмөлдөө тобунун башчысы Ян Хенгуад, Шэньси провинциясынын Тартипти текшерүү жана көзөмөлдөө комитетинин алдындагы Мыйзам чыгаруу саясаты боюнча изилдөө бюросунун директору — Фань Бинь, Шэньси провинциясынын чет өлкөлөр менен элдик достук коомунун Евразия бөлүмүнүн башчысы Лян Фэн, Тартип текшерүү комиссиясынын жана Шэньси провинциясынын көзөмөлдөө комитетинин партиялык жана саясий стилди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары – Юань Бо жана Шэньси шаарынын чет өлкөлөр менен элдик достук коомунун Евразия бөлүмүнүн кызматкери  Юань Вэньтин катышты.


Жолугушуунун максаты өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана коррупция менен күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү болду. Атап айтканда, кытай тарап улуттук ченемдик-укуктук актыларга жана аларды коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүүдө колдонуу практикасына кызыгуусун билдирди.


Жолугушуунун соңунда  катышуучулар актуалдуу укуктук маселелер боюнча эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана укуктарды коргоо жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендиктерин тастыкташты.