Бүгүн, 2023-жылдын 4-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Улуттук телерадио корпорациясынын Биринчи радиосунун «Таңкы Кыргызстан» уктуруусуна катышты.
Программанын жүрүшүндө төрага сот реформасынын жүрүшү, судьялардын коомчулукта талкуу жараткан чечимдери жана аларга көрүлүп жаткан чаралар, судьялардын жүктөмдөрү туурасындагы орчундуу суроолорго жооп берди.
Мындан тышкары республиканын аймактарынан Замирбек Базарбековго түз эфирден суроолор берилип, мазмундуу жооптор берилди. Айрым угармандар сотторго болгон сын-пикирлер менен бирге Замирбек Базарбековдун төрага болуп келиши менен көзгө көрүнөөрлүк иштер болуп жаткандыгын, сот реформасындагы жылыштар туурасында дагы пикирлерин белгилешти.
Толук уктуруу: https://fb.watch/nsGhO3Czz7/