KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Тогуз-Торо райондук сотунда болду

12 сентября 2022

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотуна иш сапары менен барды.


Имараттын абалы менен таанышып, курулуш учурундагы кемчиликтерди өз көзү менен көргөн Замирбек Базарбеков аткаруу мөөнөтүн белгилеп, аларды жоюу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.


Андан соң, аталган соттун кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлдү. Жогорку соттун төрагасы сот тутумунун кызматкерлерин ишиндеги кемчиликтери үчүн сынга алып, мыйзамдын талаптарын, нормаларын так аткарып, сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу үчүн талыкпай иштөөнү талап кылды. Мындан ары   иште мыйзам бузууларга жол бербөө тапшырмасы берилип, жүктөм аз болгонуна байланыштуу төрага үлгүлүү иштөөнү  талап кылды.


Видео-блок

ЭлТР: Соттордун судьялык кызматына резерв түзүлөт
Президент: Элге шылтоо эмес, мыйзамдуу, өз убагында кабыл алынган адилеттүү чечим керек
Жергиликтүү бийликтин эл менен жолушуусу. Сот тутумуна карата суроолор...
Судьялар корпусуна жаңы 9 судья кошулду
Президенттин тапшырмасы боюнча эл менен жолугушуулар уланууда. Сот тутумуна карата сур...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Бюллетени

Календарь

Идет загрузка...