KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков сот өндүрүшүндө жасалма интеллектти колдонууга арналган конференцияга катышты

30 апреля 2024

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков бүгүн, 2024-жылдын  30-апрелинде, соттордо жасалма интеллектти колдонууга арналган онлайн-конференцияга катышты.


Конференцияга Жогорку соттун төрагасынын орун басары Шералы Камчыбеков, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев жана Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Бекмухаммет Мусурманкулов катышышты.


Борбордук Азия, Азербайжан жана Индия мамлекеттеринин Жогорку сотторунун жана Жогорку сотторунун аппаратынын жетекчилиги катышкан иш-чараны Казакстан Республикасынын Жогорку соту Сотторду башкаруунун эл аралык ассоциациясы (МАСА)  жана Дүйнөлүк банк  менен бирге уюштурду.


Конференциянын максаты сот өндүрүшүндө жасалма интеллектти колдонууга байланыштуу бир катар маселелерди талкуулоо болгон. Атап айтканда, катышуучулар талаш-тартыштарды чечүүдөгү жасалма интеллекттин революциясын изилдеп, жасалма интеллекттин жана онлайн талаштарды чечүүнүн көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.


Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков өз сөзүндө теманын актуалдуулугун баса белгилеп, ал кызыгууну жаратып, заманбап реалдуулуктарды чагылдырарын белгиледи.


«Санариптик технологиялардын тез өнүгүшүнүн жана Дүйнөлүк тенденциялардын шартында санариптештирүү сот бийлигине да таасирин тийгизди. Сот системасында маалыматтык системаларды, жасалма интеллектти иштеп чыгуу жана киргизүү, албетте, соттордо иштерди кароонун тартибин өркүндөтүүгө, сот адилеттигин ишке ашыруунун максималдуу жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, анын сапатын жогорулатууга, ошондой эле көптөгөн процедураларды жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө жардам берет», — деди Замирбек Базарбеков.