KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков Монголиянын Жогорку сотунун төрагасы Ганзориг Дамдин менен видеоконференц байланыш аркылуу жолугушту

25 мая 2023

Бүгүн, 2023-жылдын 25-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Монголиянын Жогорку сотунун төрагасы Ганзориг Дамдин менен онлайн жолугушту.


Жолугушууга Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев, Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, ошондой эле Монголиянын Жогорку сотунун судьясы, кылмыш иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Хосбаяр Чагдаа, эл аралык байланыштар жана кызматташтык бөлүмүнүн кызматкери Басан Намсрай катышышты.


Замирбек Базарбеков эки өлкөнүн Жогорку сотторунун ортосунда кызматташтыкты орнотууга демилгени  көтөрүп жаткандыгы үчүн Монголиянын Жогорку сотунун төрагасына ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту байланыштарды бекемдөөгө кызыктар экендигин айтты.


Белгилүү болгондой, Кыргызстан менен Монголияны Улуу Жибек Жолунун доорунан бери уланып келе жаткан көп кылымдык тарых жана маданият байланыштырып турат жана биздин өз ара кызматташтыктын узак тарыхы биздин өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы терең байланыштарды тастыктап турат.


Эгерде Монголия менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер тууралуу айта турган болсок, анда ага 30 жылдан ашты. Акыркы жылдары эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер өзгөчө жигердүү жана динамикалуу өнүгүп жатканын айтуу керек. Ошол эле учурда кызматташтык ар кандай багытта өнүгүп жатат. Бул соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкты камтыйт. Мындан тышкары,  Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы кызматташтык эки тараптуу гана эмес, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ), Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында көп тараптуу негизде өнүгүп жатканы маанилүү.


Ал эми азыр бизде эки өлкөнүн Жогорку сотторунун ортосунда сот тармагында кызматташууну кеңейтүү жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү орнотуу мүмкүнчүлүгү бар.


Монголиянын улуттук сот системасын өнүктүрүүдөгү, сот адилеттигин ишке ашыруудагы тажрыйбасы биз үчүн абдан кызыктуу жана Кыргызстандын сот адилеттигин өркүндөтүү үчүн пайдалуу болоруна ишенем”, — деди Замирбек Базарбеков.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар 2023-жылдын 30-31-августунда Монголиянын Улан-Батор шаарында өтө турган “Эл аралык кылмыш соту жана Азия континенти” темасында боло турган семинар туурасында  талкуу жүргүзүштү.