KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Ишеним телефону 0 (312) 62-19-25 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205
Кайрылуу жиберүү

Замирбек Базарбеков тарабынан ыкчам кеңешме өткөрүлдү

21 сентября 2023

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Чүй облусунун Селекция айылында бычакталган келиндин иши боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү.


Кеңешменин жүрүшүндө маалым болгондой, Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун 2022-жылдын 19-октябрдагы токтому менен А.Э карата жабырлануучу А.Н. зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иш жабырлануучунун жазуу түрүндө берген тосмо арызынын, мындан тышкары жабырлануучу сот отурумунда айыпталуучу менен элдешкендигине жана ага карата доосу жоктугу ырасталгандан кийин кылмыш иш өндүрүштөн кыскартылган. Аталган токтом эч ким тарабынан даттанылбай мыйзамдуу күчүнө кирген.


А.Э карата дагы бир кылмыш иши Чүй облусунун Сокулук  райондук сотуна түшкөн. Айыпталуучу зордуктоо фактысы менен  беш жылга эркиндигинен  ажыратылган. Ошол эле учурда сот айыпталуучунун  улгайган көзү азиз апасы бар экендигин, ал кароого муктаж экендигин, ошондой эле айыпталуучу менен жабырлануучунун ортосунда  эки бала бар экендигин эске алып, КР Кылмыш-Жаза кодексинин 82- беренесинин негизинде пробациялык  көзөмөлдү колдонуп, ага карата үч жыл пробациялык  мөөнөт белгиленген.


Жабырлануучу бул чечимге макул болбой, апелляциялык даттануу  менен Чүй облустук сотуна  кайрылган. Соттук иш 2023-жылдын 27-сентябрына белгиленген.


Жыйынтыгы боюнча судьянын аракеттерине өзгөчө катуу баа берилет.